• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРдагы президенттик шайлоо боюнча ИИР байкоочулар делегациясынын билдирүүсү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Иран Ислам Республикасы Кыргыз Республикасынын чакыруусу боюнча Ислам Кеңешинин Межилисинин эки депутатын, Али Наджафи Хошруди мырзаны (Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы мурдагы элчиси жана парламенттик улуттук коопсуздук жана сырткы саясат Комиссиясынын мүчөсү) Мохаммад Хоссейн мырзаны (эки өлкөнүн парламенттик достук тобунун мүчөсү) жана Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин Биринчи катчысы Мохаммад Реза Рафатпанах мырзаны Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн жөнөттү. Бул тууралуу CA-IR NEWS сайты жазат.

Бул делегация демократия чөйрөсү жана шайлоолорду өткөрүү боюнча көп жылдык чоң тажрыйбасы бар өлкөнүн өкүлдөрү катары 2017-жылдын 14-15-октябрында Бишкек шаарынын ар кайсы райондорундагы бир катар шайлоо участкаларында болушту жана жер жерлерде бул участоктордун даярдыгы, добуш берүүнүн жүрүшү жана добуштардын эсептелүүсүнө кылдат байкоо жүргүзүштү.

Иран Ислам Республикасынын делегациясынын байкоосунда жарандардын жаңы технологиялар менен добуш берүүсүнөн улам бир топ ыңгайлуулуктар түзүлгөн жана Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоо коопсуз, ачык, тартиптүү жана укуктук жагдайда өттү.

Иран Ислам Республикасынын делегациясы бул шайлоонун натыйжасы Кыргыз Республикасынын мындан ары да экономикалык жактан өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп, эки өлкөнүн ар түрдүү саясый, жкономикалык жана маданий тармактардагы кызматташтыктарды жандандыруунун жаңы мезгили болот деп ишенет.

Иран Ислам Республикасынын делегациясы учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөтүнө жана бул шайлоону уюштуруучулардын баардыгына ыраазылык билдирип, шайланган Президенттин ишине ийгиликтерди каалайт.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий