• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРдагы санариптештирүү кантип өнүгөт? Коопсуздук кеңешинде жаңы беш жылдык программа тууралуу айтып беришти

Экономика 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин 2018-жылдын 1-ноябрындагы жарлыгы менен 2018-2040-жылдарга КРнын өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясы бекитилген. Бул тууралуу “Санариптик Кыргызстан - 2019-2023” санариптик трансформациясынын улуттук программасы" тегерек үстөлүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтуусунда, кабыл алынган стратегияга ылайык, КР өнүккөн маалыматтык коомдун өлкөсү болушу керек.

“Санариптик экономика жана инновациялык технологияларды бардык жерде колдонуу өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзүп, элдин коопсуздугун камсыздап, жашоо шартын жакшыртат. Өлкөнүн санариптешүү процессин жакшыртуу жана президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу үчүн Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын аянтчасында “Санариптик Кыргызстан” санариптик трансформациясынын программасынын концепциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат”, - деди ал.

Сагынбаев кошумчалагандай, аталган долбоор маморгандардын, эксперттик коомдордун жана жарандык сектордун катышуусу жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен биргеликте иштелип чыгууда.

Аталган концепция өлкөнүн санариптешүү процессиндеги буга чейин кабыл алынган программаларды толуктайт, дейт ал.

“Концепциянын сунушталган долбоорунда трансформациянын санариптик жана санариптик эмес өсүүсү аныкталган. Негизгилерден болуп эл аралык деңгээлдеги инфраструктураны түзүү саналат. Биринчи кезекте бүт өлкөнү көп тилкелүү интернет менен камсыз кылуу керек. Ошондой эле өлкөнү кымбат эмес, коопсуз жана ишенимдүү маалымат берүүчү глобалдуу тармактар жана магистралдар менен кошуууну камсыз кылуу керек. Түшкөн маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана анализдөө боюнча инфраструктура түзүлүшү керек”, - деп белгиледи Сагынбаев.

Ал кабарлагандай, заманбап маалымат инфраструктурасы мамлекеттик органдар жана жарандык сектордун ортосундагы кызматташууга жаңы аянтчаларды түзүп берет.

“Сунушталган программа өлкөнүн санариптик экономикага өтүшүн ылдамдатып, келечекте заманбап чакырыктарга бат жооп берген мобилдүү жана ийкемдүү мамлекет түзүүгө жол ачат. Модернизация процесси өлкөнүн негизги социалдык чөйрөлөрүн камтыйт (билим берүү, саламаттык сактоо, экология, энергетика, айыл чарба, өндүрүш, кызмат көрсөтүү жана таза шайлоо)”, - деп белгиледи Сагынбаев.

Пикир

Оставить комментарий