• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«КРдагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» конференциясынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференцияга катышты.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери, жарандык сектор, маалыматтык технология жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, өлкөдөгү заманбап технологияларды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө негизги багыттарды белгиледи.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунда санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу туурасында айтып берди.

Андан соң Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов, «Түндук» электрондук өз ара аракеттенүү борбору мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева жана башкалар санариптик кызматтарды киргизүү боюнча баяндама жасашты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар «Интернет-саясаттын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун, «Альфа Телеком» ЖАКынын, Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иштеп чыгуучуларынын ассоциациясынын, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын өкүлдөрүнүн баяндамалары менен таанышты.

Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү тутумун тааныштуруу учурунда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов жеке өзү «Түндүк» мобилдик тиркемесин сынап көрдү. Ал бир нече мүнөттүн ичинде смартфонун колдонуу менен мамлекеттик кызматкерлерге байланышпастан туруп, иштеген жеринен электрондук тактама алды.

Пикир

Оставить комментарий