• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«КРдагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ушул Мыйзамдын максаты топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү болуп саналат.

Алсак, Мыйзамда каралат:

— акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү;

— Кыргыз Республикасында ачык, корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фондорду киргизүү.

Ачык пенсиялык фонд — топтолмо пенсиялык фонд, иштеген жерине жана ишинин мүнөзүнө карабастан, кандай болбосун жеке жактар анын катышуучусу боло алат.

Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор алуучулар — ошол топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу жана акционерлери болуп саналышкан бир же бир нече юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн түзүлөт.

Кесиптик пенсиялык фонд — топтолмо пенсиялык фонд, анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) юридикалык жактардын — жумуш берүүчүлөрдүн жеке жактардын бирикмеси, анын ичинде кесиптик бирликтердин бирикмеси боло алышат. Фонддун уставында аныкталгандай, алардын кесиптик ишинин (жумушунун) түрү боюнча байланышкан жеке жак гана андай фонддун катышуучулары боло алат.

Банктык эмес финансылык рынокту түзүүдө топтолмо пенсиялык фонддордун иши олуттуу ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасында «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы колдонулуп жатат. Келечекте келип түшкөн каражаттар эмгекчилерге инвестициялык кирешелерди алып келишине жетишүү максатында топтолмо пенсиялык фонддор түзүлөт.

Топтолгон пенсиялык каражаттарды түзүүнүн жана инвестиция кылуунун эсебинен жарандарды пенсия менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында анын майнаптуулугун жогорулатуу топтомо пенсиялык системанын институтун түзүүнүн негизги принциби болуп саналат.

Мындан тышкары, сунушталган өзгөртүүлөр топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучулук-укуктук түрүн козгойт жана акционердик коом түрүндөгү топтолмо пенсиялык фонддун укуктук статусунун жана ишинин бир катар өзгөчөлүктөрү аныктайт.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий