• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРдагы товарларды импорттоо боюнча компания мамлекетке 18 млн сомдон ашык зыян келтирген

Коом 0

Бишкек, 22.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда компания товарлардын импортун салык төлөбөй жүргүзүү менен мамлекеттик бюджетке 18 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, белгиленген ЖЧК калк керектөөсүндөгү товарларды жана азык-түлүк товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кыйыр салык боюнча салык кызматына отчет бербестен импорттоп, мамлекеттин бюджетине тиешелүү төлөмдөрдү төлөгөн эмес.

Белгиленгендей, 2017-жылдын 1нен 31-октябрына чейин импортко КНС боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 18 млн сомдон ашкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий