• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРдагы тыюу салынган уюмдарга тиешеси бар делип соттолгондор арасында профилактикалык иштер өткөрүлдү

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Эл аралык террористтик жана диний экстремисттик уюмдарга тиешеси бар делип соттолгондор арасында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде Эл аралык террордук жана диний экстремисттик уюмдарына (ЭТУ/ДЭУ) тиешеси бар үчүн соттолгондордун “салафизмдин” “такфиристтик-жихадисттик” агымынын радикалдуу көз караштарынан эл алдында баш тартууга багытталган алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгында соттолгон У.А.А., жана О.Ы.О., Кыргызстандын жарандарына алардын диний көз караштарынын туура эместиги жана Борбор Азиядагы, ошондой эле Кыргызстандын аймагында кырдаалды туруксуздаштыруу боюнча чараларды көрүп жаткан диний-экстремисттик уюмдардын, анын ичинде “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жана ЭТУнун ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги жөнүндө кайрылуу жасашты.

Аны менен бирге,соттолгон У.А.А., жана О.Ы.О., жасаган иштерине өкүнүп, мындан ары мыйзамсыз иш аракеттерге жол бербөө ниетин билдиришип, Кыргызстандын жарандарын ЭТУ/ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча тынымсыз иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий