• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРдан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына жалгыз Юрий Краковецкий барат

Спорт 0

Бишкек, 30.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Юрий Краковецкий Марракеш шаарында 11-12-ноябрь аралыгында өтө турган дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан жалгыз барат.

Краковецкий 100 кг жогорку салмактык категория боюнча беттешке чыгат. Ал Кыргызстандын атынан бара турчу жалгыз дзюдочу,-деп кабарлады дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдокан.

Дүйнөлүк биринчиликте 27 мамлекеттен 60дан ашуун спортчу катышат.

Эске сала кетсек, Краковецкий 100 кг жогорку салмактык категория боюнча күчтүү дзюдочулардын рейтингинде 7 орунду ээлейт.

Пикир

Оставить комментарий