• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРдан Казакстанга курал жана ок-дарыларын алып өтүүгө аракет кылган казакстандыктар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 6-март /Кабар/. 2017-жылдын 5-мартында кыргыз-казак чек арасында курал жана ок-дарыларды Кыргызстанга мыйзамсыз алып өткөн Казакстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Казакстан Республикасынын 1992-жылы туулган К.К. аттуу жаранына таандык Toyota Camry автоунаасын текшерүүдө, айдоочунун орунтугунун алдынан МР-654К маркасында пневматикалык газ баллонду тапанча, 5 тапанча газ балонну жана 1 пачка газ пневматикалык ок табылган. Мындан тышкары, унаанын каалгасынын чөнтөгүндө бул тапанчага октолгон 1 жабдык болгон. Ошондой эле, 5-мартта “Кеңбулуң – автоунаа жолу” өткөрмө-көзөмөл пункутунда 1966-жылы туулган Казакстандын Т.Н. деген жараны айдаган унаада айдоочунун орунтугунун алдынан чек ара кызматкерлери ИЖ-18Е маркасындагы аңчы куралынын жабдуусун табышкан.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар КР ИИМдин аймактык бөлүктөрүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий