• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРде 2017-жылы жашы жете электер тарабынан 133 кылмыш жасалган

Коом 0

Бишкек, 23.01.18. /Жамиля Жакыпбекова - Кабар/. 2017-жылы жашы жете электер тарабынан ар кандай мүнөздөгү 133 кылмыш жасалган, бул 2016-жылга салыштырмалуу 17 окуяга аз. Бул тууралуу калаада өткөн “Балдар биздин келечегибиз. Экстремизм, терроризм жана кылмыштуулукка жол жок” аталышындагы форумда айтылды.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында райондук ИИБге 1 миң 124 жашы жете элек өспүрүм алынып келинген.

“Учурда республиканын бардык мектептеринде жашы жете электер ортосунда кылмыштуулук өсүүдө. Жети жете электер менен байланышкан мыйзам бузуу жана кылмыштуулук көбөйүүдө; балдар үйлөрүнөн качып, башка жактарда жүрүшөт. Жашоо турмушу оор абалда жүргөн балдардын арасында баңги затын колдонуу фактылары бар”,-деп билдирди коомдук коопсуздукту камсыз кылуу кызматынын кызматкери Талант Иманкадыров.

Бардыгы болуп форумда 1 миңге жакын окуучу катышууда. Иш-чарага ИИМ жетекчилиги, Бишкек мэриясы, сот органдары, прокуратура жана билим берүү мекемелери катышты.

Пикир

Оставить комментарий