• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРде бир жуманын ичинде 23,5 миң жол эрежесин бузуу катталган

Коом 0

Бишкек, 12.03.18. /Кабар/. Кыргызстанда бир жуманын ичинде 23567 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, бул мезгилде жол коопсуздугун камсыз кылуу инспекторлору тарабынан 223567 административдик мыйзам бузуу аныкталган.

Анын ичинен;

- Мас абалында унаа башкаруу –334;

- Документтери жок унаа башкаруу – 477 протокол түзүлгөн;

- Унааны жогорку ылдамдыкта башкаруу – 3377;

- Жол белгилерин сактабоо боюнча – 4448;

- Коопсуздук курун тагынбаган – 5034.

Атайын айып унаа токтотуучу жайына 1134 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий