• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРде III ДКО алкагында уюштурулган “Балдар оюндары кербени” башталат

ДКО 2018 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн алкагында “Балдар оюндары кербени” долбоору старт алат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында III ДКОнун катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова билдирди.

Ал билдиргендей, иш-чара эртең, 5-июнда Кант шаарында башталат.

“Долбоор ЮНИСЕФ, маданият министрлиги жана III ДКО катчылыгы менен биргеликте ишке ашууда. Иш-чаранын максаты – заманбап мезгилде балдар бир гана телефон жана интернет менен колдонбостон, биздин маданиятты оюн аркылуу кайрадан жандантуу. Башка максаты – ата-энелер өз балдарына көп убакыт бөлүүсү”,-деп билдирди ал.

Абдесова кошумчалагандай, кербен 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоонун алкагында бүтүндөй өлкө боюнча өткөрүлөт.

“Долбоор 14 шаарда жана 7 облуста өткөрүлөт. 52 оюндун ичинен 25 тандап алдык. Биз үчүн ата-энелер жана 2ден 14 жашка чейинки балдардын катышуусу абдан маанилүү”,-деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде балдардын эрте өнүгүүсү боюнча ЮНИСЕФтин адиси, профессор жана академик Таалайбек Уметов билдиргендей, долбоордо балдардын акылы жана физикалык өнүгүүсүнө багытталган оюндар сунушталат.

“Мисалга, “Бармак тапмай” оюну. Биз бир нече бармакты катып, андан соң балдарга көрсөтүп, алар канча бармакты көрүп жаткандыктарын сурайбыз. Ал таап, ойлонуп, эсептей баштайт”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий