• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРде көмүрдүн тартыштыгы жок, баа спекуляциянын айынан өсүүдө - Уланбек Рыскулов

Коом 0

Бишкек, 08.12.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстанда көмүрдүн тартыштыгы жок, ага болгон баа спекуляциянын айынан өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун орун басары Уланбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымына караганда, Кара-Кечеде күнүнө 300 миң тонна көмүр казылып алынат. Бул казып алуу нормалдуу, күн мурун Кара-Кечеге барып, кендин иши менен таанышып келдик. Күнүнө 250-300 унаа жөнөтүлөт.

“Биз толугу менен калктын жана ишканалардын муктаждыгын камсыз кылуудабыз. Тартыштык жок. Бир гана базарда казак көмүрү жок болуп калгандыгына байланыштуу баа өсүүдө. Бул кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга жана сезондук факторго байланыштуу болду”,-деп билдирди ал.

Ал билдиргендей, базарда жергиликтүу жана каза көмүрү сатылып, өз ара атаандаштык болгондуктан баалар төмөн түшчү.

Рыскулов кошумчалагандай, Кыргызстандын эли көмүрдү түздөн-түз кышында сатып алууда, болгондо да массалык түрдө. Көп сатып алуу болгондуктан да сатып алуучулар бааны көтөрүп салышууда.

“Көмүр кенинен калк үчүн 1200 сомдон, ал эми ЖЭБ үчүн 1250 сомдон жөнөтүлөт. Андан кийин ташуучулар жана көмүрдү сатып алгандар кийинки баасын жогорулатып салууда”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий