• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРде хорсбол боюнча чемпионат өтөт. Кыргызстандыктар менен француздар беттешет

Спорт 0

Бишкек, 08.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Токтогул шаарында хорсбол боюнча экинчи аймактык чемпионат өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын президенти билдирди.

Анын айтымына караганда, биринчилик 25-январда өтөт. Ага Токтогул районунун беш курама катышат. Алардын ичинен утуп чыккан курама, Франциядан келген курама менен беттешет.

Хорсбол — Францияга таандык оюн. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат.

Пикир

Оставить комментарий