• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРде жыл башынан бери 9,6 миң кылмыш катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын 4 айынын ичинде 9 миң 641 кылмыш катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

“Кылмыштардын негизги бөлүгү – уурулук - 43%, алдамчылык – 13%. Реформанын алкагында ИИМ ишмердигиндеги жаңы критерийлер аныкталган, жыйынтыгында биз кылмыштуулуктун өсүүсүн байкап жатабыз”,-деп билдирди ал.

Анын айтымында, Ички иштер органдары тарабынан өндүрүштө турган 13 миң 852 кылмыштын ичинен 6 миң 388 кылмыштын бети ачылган. Ачылбай калган кылмыштар катары – 2,87 иш токтотулган.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, диний экстремизмди жайылтуу боюнча 284 факты аныкталган, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3% көп. 159 (2017-жылда – 83) кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий