• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРден 3 кыска метраждуу тасма Чехияда өтүүчү Brno16 фестивалында катышат

Маданият 0

Бишкек, 25.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Жаш режиссер Зирегүл Кубандык кызынын “Түнкү конок” кыскаметраждуу тасмасы Brno16 фестивалына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ал өзү билдирди.

Зи Кубандык кызынын айтымына караганда, фестиваль 11-15-октябрь кундөрү Чехиянын Брно шаарында өтөт.

“Фестивалдын уюштурулуп жатканына быйыл 58 жыл болду. Иш чарага катышуу үчүн дүйнө жүзүнөн жалпысынан 700дөн ашык тасма билдирүү жөнөткөн. Анын ичинен калыстар тобу 42 тасманы тандап алган”,-деп билдирди Кубандык кызы.

Андан сырткары фестивалга Мээрим Догдурбекованын “Бакыт" жана Айжамал Болотованын “Ай сонатасы” тасмалары да катышат.

Пикир

Оставить комментарий