• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРдин 8 жараны жабыркаган Челябинскдеги жол кырсыгы: айдоочу уктап кеткен

Кырсык 0

Бишкек,12.10.17./Кабар/. Челябинскдеги жол кырсыгынан Кыргызстандын 8 жараны жабыркаган. Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу рулду башкарып бара жатып уктап кеткен. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

КРдин Екатеринбургданы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, жабыркаган жарандардын бардыгына медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Консулдук тарабынан Россиянын ИИМнин тиешелүү кызматтына Челябинскте болгон жол кырсыгы тууралуу толугураак маалымат алуу үчүн атайын өтүнмө жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, жол кырсыгы 10-октябрда “Западный обход Челябинска” трассасында болгон. “Хонда” минивени каршы тилкеге чыга калып, жүк ташуучу унаа менен кагылышкан.

“Хонданын” бардык жүргүнчүлөрү жабыркап, аллар Челябинск ооруканасына жеткирилген.

Минивендин жүргүнчүлөр –Кыргызстандын жарандары болгон. Унаа мекенине келе жаткан.

Пикир

Оставить комментарий