• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРдин футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Малайзиянын футбол клубуна кетти

Спорт 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын коргоочусу Тамирлан Козубаев Малайзиянын Пербаданан Кемажуан Негери Селангор ("ПКНС") футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Тамирлан бара турган клубда адаттагыдай борбордук коргоочу болуп ойнойт. Келишим бир жылга түзүлгөн.

"Мен Малайзиянын Суперлигасында ойной турганыма кубанычтамын. Бул жакта жакшы чемпионат бар. Мага клуб менен анын алдыңкы сезондогу максаттары жакты", - дейт буга чейин "Дордой" клубунда ойноп келген Тамирлан Козубаев.

Белгилей кетсек Пербаданан Кемажуан Негери Селангор ("ПКНС") Малайзиянын Суперлигасында ойнойт. Өткөн сезондун биринчилигинде ал үчүнчү орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий