• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРдин Япониядагы элчиси JICA вице-президенти менен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 12.01.18. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Ч.Айдарбеков Япония эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Норико Сузуки менен жолугушту,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Агенттиктин вице-президенти 2017-жылдын октябрь айында Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого өзүнүн жогорку баасын берди.

Ага байланыштуу элчи демократия жолу менен шайланган өлкөнүн жаңы Президентинин дарегине айтылган куттук сөзгө ыраазычылык билдирип, Япония Өкмөтү тарабынан 2015-2017-жылдардагы 11,7 млн АКШ долларына техникалык жардам көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал жабдыктар шайлоо системасын жаңылоого жумшалган.

Сузуки Кыргызстан менен болгон кызматташуу жемиштүү болгондугун билдирди.

Өз кезегинде элчи Япония Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий