• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КРдин сүзүү боюнча курама командасы Азия чемпионатында 10 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын сүзүү боюнча курама командасы Ташкент шаарында өтүп жаткан (Өзбекстан) Азия чемпионатында 10 медаль утту. Бул тууралуу сууда сүзүү федерациясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 10-сентябрда курама команданын куржунуна дагы 4 медаль кошулган. Кенжелер арасындагы 50 метр аралыкта Денис Петрашов “алтын” медаль утту. 100 метрлик аралыкта сүзүү боюнча Владислав Шулико “күмүш” утуп, КР боюнча жаңы рекорд койду (56,01 секунд). Ал эми Азиза Сансызбаева ушул эле аралык боюнча “”коло” медаль тагынды.

200 метр аралыкта жаш кыздар арасында тайпасындагы далысы менен сүзүүдө Елизавета Рогожникова “коло” утуп, КРде рекорд койдду (2 мүнөт 25,17 секунд).

Үч күндүк мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын куржунунда 2 алтын, 4 күмүш жана коло медалдар бар.

Алдыда дагы эки жыйынтыктоочу беттеш бар.

Чемпионатта 26 өлкөдөн келген 1 миңге жакын спортчу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий