• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КРдин түштүгүндө жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ош облусунун аймагында өткөн түнү очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР УИАнын сейсмология институту билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:15 байкала баштаган. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында болуп, Жайылма айылынан түндүктү карай 10 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 93 чакырым аралыкта жайгашкан. КРнын калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү 2-2,5 баллга чейин жеткен.

Эске сала кетсек, бул жыл башынан бери өлкө аймагында катталган алтынчы жер титирөө.

Пикир

Оставить комментарий