• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРдин волейбол боюнча жыйынтыктоочу мелдеши ноябрда старт алат

Спорт 0

Бишкек, 20.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын волейбол боюнча эркектер арасындагы жыйынтыктоочу оюну 6-ноябрда старт алат. Бул тууралуу волейбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт.

Мелдеште байге үчүн 6 курама команда ат салышат.

Буга чейин өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгы боюнча азырынча “EREM” командасы 29 бал менен алдыда келе жатат. Экинчи орунда учурдагы өлкө чемпиону болгон “Жаңы Муун” командасы (18 бал) үчүнчүдө – “Салам-Алик” (16).

Улуттук лигада 6-орунду ээлеген команда, кийинки оюнда жогорку лигада ойнойт.

Жогорку лигада медаль үчүн 2 тайпага бөлүнгөн 10 команда ат салышат.

Үчүнчү турдун жыйынтыгы боюнча жогорку лигада жеңип чыккан команда алтын медаль алып, кийинки оюнда улуттук лигада ойногонго мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий