• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кремль: Куриль аралы боюнча Жапония менен сүйлөшүү татаалдашты

Дүйнө 0

Бишкек, 21.01.19 /Кабар/. Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүүлөргө Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин билдирүүсү өз таасирин тийгизди. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги “Россия” телеканалына шилтеме берүү менен маалымдады.

Январдын башында Абэ Жапония аралга ээлик кылгысы келээрин, бирок орусиялыктардын бул аймакта жашай берүүсүнө макул экенин айткан. Ушаков бул сөз сүйлөшүү жараянын татаалдаштырганын билдирген.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итурупту, Шикотанды, Кунаширди жана Хабомаини Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери талашып келет. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган. Аралдардын макамы келишимдин кабыл алынышын артка жылдырып келет. Орусия аралды өзүнүкү деп эсептейт, Жапония буга макул эмес.

Былтыр 14-ноябрда Орусия жапон тарапка төрт аралдын экөөнү өткөрүп берүүнү караган 1956-жылдагы декларацияга кайтуу ниети бар экенин билдирген.

20-январда Москва жана Орусиянын башка бир катар шаарларында Куриль аралдарынын айрымдарын Жапонияга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүнө каршы акциялар өткөн.

Пикир

Оставить комментарий