• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кремль Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу үн катты

Коом 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Кремль Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданып, жакынкы аралыкта мыйзам талаасында жөнгө салынат деп күтүүдө. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргендигин ТАСС жазып чыкты.

“Кремль Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууну өлкөнүн жарандарынын ички саясий диалогу деп эсептейт”, - дейт ал.

Песков Москва Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди колдогусу келип жатабы деген суроого жооп берип жатып, өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков экендигин эскертти.

“Россиянын президенти Владимир Путин шейшемби күнү Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшкөн эмес”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий