• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кремль: Путин менен Жапаровдун сүйлөшүүлөрү 24-февралда Москвада болот

Саясат 0

Бишкек, 23.02.21. /Кабар/. Россияга иш сапары менен келе турган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен президент Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү 24-февралда Москвада болот. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирет.

"Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү орус-кыргыз кызматташтыгынын абалын жана андан ары өнүгүү келечегин кароо, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров ушул жылдын 24-25-февраль күндөрү Россияга мамлекет башчысы катары биринчи чет элдик сапарын жасайт.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле мамлекет башчынын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүсү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий