• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кремль санкцияларга жооп кылып АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүн токтотту

Дүйнө 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кремль Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннондун ортосунда өтө турган жолугушууну токтотту. Орусия ТИМи бул Вашингтон тарабынан 20-июнда жарыяланган Орусияга каршы жаңы санкцияларга жооп болгонун билдирди.

Москванын Украинадагы ишмердүүлүгүнө байланышкан АКШнын кеңейтилген санкциялары Орусиянын 38 жаранына жана бир катар компанияларына каршы багытталган.

Күн мурун Рябков кырдаалдын өзү 23-июнда Санкт-Петербургда өткөрүү пландалган «сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө көмөкчү болбой жаткандыгын» айткан. 21-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жаңы санкциялар конструктивдүү эмес экенин жана ага жооп катары “түрдүү варианттар” каралып жатканын билдирген.

8-июнда АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт жолугушууда Москва менен Вашингтондун дипломатиялык мамилелериндеги «кыжырданткан нерселерге» көңүл буруларын айткан. Рябков болсо Шэннон менен санкцияларга кабылган орусиялык дипломатиялык менчик имараттардын айланасындагы абалды талкуулоону пландаганын билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий