• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кремлде Атамбаевден кол тийбестиктин алынышына комментарий беришти: Ал өлкөнүн ички иши

Дүйнө 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Кремль экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамын алуу өлкөнүн ички иши деп эсептейт. Бул тууралуу Россия президентинин басма көз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Мурдагы советтик өлкөлөрдө мамлекет башчыларынын иммунитетин алып салуу практикасына, алсак Атамбаев менен болгон кырдаалга Кремль кандай баа берет деген суроого Песков: "Ал ар бир өлкөнүн ички иши... Биз ал маселелерге кийлигише албайбыз, кийлигишүүгө эч кандай ниетибиз жок", - деген.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Ага 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген.

Пикир

Оставить комментарий