• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кремлде КР менен РФнын Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышы башталды

Маданият 0

Москва, 27.02.20. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземине катышып жатышат.

Иш-чара Мамлекеттик Кремль сарайында өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерт өтмөкчү.

Эриш-аркак жылдын жүрүшүндө эки өлкөнүн ири маданий аянтчаларында Россия менен Кыргызстандын искусство адамдарынын катышуусунда концерттер, спектаклдер, көргөзмөлөр жана фестивалдар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий