• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Крестинин: 1/4 финалга чыкканга күчүбүз жетет деген ойдобуз

Спорт 0

Бишкек, 17.01.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кийинки раундга чыкканга күчүбүз жетет деген ойдобуз. Мындай пикирин Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.

"Кыргызстанды ушул жеңиш менен куттуктайм. Биз күрөшүп, жакшы жыйынтык көрсөтө алдык. Балдарга жакшы оюн үчүн ыраазычылык билдирем. Матч абдан сапаттуу өттү", – деди Крестинин Кыргызстандын менен Филиппин командаларынын оюнунан кийинки маалымат-жыйында.

"Мен турнирдин алдында биз жолдун башында гана турабыз, баары алдыда деп айткам. Биз Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Азия Кубогунда биринчи голду киргизип, анан биринчи жеңишке жеттик, бул биз үчүн чоң жетишкендик. Эми калган командалар кандай ойноорун көрөбүз", – дейт Крестинин.

"Кийинки раундга чыкканга күчүбүз жетет деген ойдобуз", – деп кошумчалады.

"Виталий Люксту куттуктайм. Ал голдорду киргизди. Чабуулчу катары гол киргизүү анын жумушу. Буга чейин мындай кылууга болбой жатса, бүгүн оюн көрсөттү", – деп белгиледи Крестинин.

Эске салсак, футбол боюнча Азия кубогунун үчүнчү турунда Кыргызстан менен Филиппиндин курама командалары оюн өткөрдү. "Ак шумкар" командасы 3:1 эсебинде Филиппинди жеңди. Баардык голду Виталий Люкс киргизди.

Кыргызстан группалык этаптын биринчи оюнунда Кытайга 2:1 эсебинде, экинчиде Түштүк Корега 0:1 эсеби менен утулуп калган.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында, ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат.

Ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп Кыргызстан 1/8 финалына чыга алды. Эми Кыргызстан 21-январда Бириккен Араб Эмиратынын курамасы менен ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий