• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Крестинин: Балдар жакшы ойноду. Алар алдыда андан да мыкты ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасы Япония менен болгон оюнда жакшы ойноду жана алар алдыда андан да мыкты ойнойт. Мындай пикирин Кыргызстандын футбол курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Кыргызстан менен Япониянын ортосунда болгон беттештен кийинки маегинде билдирди.

Белгилей кетсек, ал оюн 2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтүп, Кыргызстандын курамасы атаандаштарына 0:2 эсебинде утулуп калды.

"Бүгүн балдар жакшы ойноду. Алар алдыда андан да мыкты ойнойт – бул анык нерсе. Күчтүү атаандаш менен ойногондо алдыга өсүш болот",- дейт Крестинин.

Анын айтымында, Япониядай эле бизде да гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болуп, бирок биздин курама ал мүмкүнчүлүктү ишке ашыра алган жок.

"Япониядай эле бизде да гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду. Оюнда мындай боло берет. Алар мүмкүнчүлүгүн колдонсо, биз колдоно албай калдык. Бүгүн жакшы ойной алышты. Биз да, алар да ката кетирип жаттык. Бирок оюн жакшы өттү", - дейт ал.

Ал эми Япониянын башкы машыктыруучусу Мориясу Хадзимэнин пикири боюнча, Кыргызстан менен болуп өткөн оюн оңой-олтоң болгон жок.

"Кыргызстандын курамасы өзүн күчтүү команда катары көрсөтө алды. Оюнчулар техника, топту өткөрүп берүүдө жакшы оюн көрсөттү. Жакшы мүмкүнчүлүктөрү болуп, бирок аны ишке ашыра алышкан жок. Мен, атаандашыбыз оюнга жакшы даярданат деп күткөм. Күткөнүмдөй болду. Оюн оңой болгон жок", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий