• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Крестинин: Биз даярдандык, оюн кыйын жана кызыктуу болот

Спорт 0

Бишкек, 11.01.19./Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин өзүнүн шакирттеринин Түштүк Корея менен боло турган оюну боюнча маалымат берди.

КР футбол федерациясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ оюн алдындагы басма сөз жыйыны өтүп, “Ак Шумкардын” устаты журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Крестининдин айтуусунда, команда толугу менен атаандаштар кандай деңгээлде тургандыгын түшүнүп турат. “Биз даярдандык. Биздин ага убактыбыз жетиштүү болду. Бүгүн эки команда үчүн тең абдан оор, бирок кызыктуу оюн болот”, - дейт ал.

Ал эми экинчи дарбазачы Павел Матяшты алмаштырышабы жана команданын түзүмүндө өзгөрүүлөр болобу деген суроолорго, Крестинин: “Кытай жана Кореянын командалары – бул эки башка команда. Команданын ойношу боюнча түзүмүндө өзгөрүүлөр болот. Ар бир эле дарбазачы ката кетирет. Алдыда дагы эки оюн бар. Бизге биримдик керек, анткени биз чогуу гана күчтүүбүз. Оюндун түзүмүн мен силерге айтпайм, анткени футболчулар бул маалыматты журналисттерден эмес, менден угушу керек”, - деп белгиледи машыктыруучу.

Белгилүү болгондой Корея курама командасынын жылдызы Сон Хын Мин филиппиндер менен болгон оюнда жаракат алып, биздин футболчулар менен болгон оюнга катыша албайт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-январда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия Кубогунун алкагында Түштүк Кореяга каршы оюн өткөрөт.

Футбол сүйүүчүлөрү оюнду "КТРК Спорт" каналынан саат 22:00дө көрө алышат.

Пикир

Оставить комментарий