• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Крестинин: Биз көп нерсеге татыктуу болчубуз деп эсептейм

Спорт 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Кечээ Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бириккен Араб Эмираттары менен ойноп, татыктуу оюн көрсөткөнүнө карабай, 3:2 эсебинде утулуп калды. Оюндун аякташы менен Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттары менен болгон оюндан кийин комментарий берген.

Курама команданы Азия Кубогунун 1/8 финалына чейин алып келип, оюнчулардын татыктуу оюн көрсөтүүсүнө бирден-бир себепчи болгон Крестинин өз сөзүндө баардык кыргызстандыктарга ыраазычылык айткан.

"Баардык кыргызстандыктарга рахмат айтам. Баардык командага, оюнчуларга, машыктыруучу, медициналык, административдик штабга, биз менен болгондорго ыраазычылык билдирем. Биз жакшы иш аткара алдык. Тилекке каршы биз мелдештен кетип жатабыз", - дейт Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу.

Крестинин көптөрдүн нааразычылыгын туудурган калысты талкууга албасын белгилеп, биз да ыңгайлуу учурларды ишке ашыра албаганыбызды кошумчалаган.

"Калыстардын ишин мен талкуулабайм. Бизде гол киргизе турган учурлар болду. Албетте ал учурларга өкүнөбүз. Каршылаштардан көбүрөөк каталарды кетирдик. Бир нерсени айта алам – биз туура жолдобуз. Алдыга карай жыла беребиз. Жалпы мелдештен жакшы элес калды", - дейт ал.

Бирок ошол эле учурда Крестинин курама команда көп нерсеге татыктуу болгонун билдирген.

"Арийне бүгүн биз үчүн жарыш аяктаганы өкүнүчтүү. Биз көп нерсеге татыктуу болчубуз деп эсептейм. Аны баары көрдү. Бийик деңгээлдеги оюндан жакшы тажрыйба ала алдык жана ал бизге алдыга өнүгүүбүзгө жардам берет. Биз мындай мелдеште алгач ирет катышуудабыз жана бул акыркысы эмес экенине көзүм жетет. Алдыда дагы жакшы ойнойбуз", - дейт машыктыруучу.

Белгилей кетсек, Кыргызстан БАЭде өтүп жаткан Азия Кубогуна алгач ирет катышты. Бирок ага карабай көзгө толумдуу оюн көрсөтүп, 1/8 финалга чыга алды.

Кыргызстандын курамасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы беттеште эсеп саны боюнча утулганы менен оюндун өзүнөн жеңишке жетишти. Муну социалдык тармактарда бир эле кыргызстандык эмес чет элдик күйөрмандардын жасаган билдирүүлөрү далилдеп турат.

Пикир

Оставить комментарий