• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Крестинин КР курамасынын жеңиши тууралуу: Биздин кыялдар чындыкка айланды

Спорт 0

Бишкек, 22.03.18. /Кабар/. Биздин кыялдар чындыкка айланды,-деп билдирди КРдин футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Азия-2019 Кубогунун тандоо алкагында өткөн оюнда КР курамасы Мьянманы жеңгенден кийин.

“Кыргызстандын жеңиши менен куттуктайм. Биз кыла турчу нерсени жасадык. Биздин кыялдар чындыкка айланды. Эми Индия менен боло турчу жыйынтыктоочу оюнга даярдануудабыз. Максатыбыз: Азия Кубогуна биринчи орунга чыгуу”,-деп билдирди Крестинин.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянманын курамасын жеңди. Азия – 2019 Кубогуна тандоонун алкагында оюн Түштүк Кореядагы “Инчхон” стадионунда өттү.

Бул жеңиш кыргыз курамасына футбол боюнча Азия чемпионунун финалына чыгууга мүмкүндүк берди.

Кыргызстан Мьянманын курамасын 5:1 эсебинде уткан. Ислам Шамшиев оюндун 2-мүнөтүндө эсепти ачкан. Антон Землянухин 5чи жана 36-мүнөттөрдө гол киргизген. Виталий Люкс 74-мүнөттө атаандаштын дарбазасына дагы бир гол киргизген. Ал эми 87-мүнөттө бешинчити топту Бекжан Сагынбаев киргизди.

Эми КРдин курамасы тайпалык этаптагы акыркы оюнда Индиянын курамасы менен беттешет. Ал оюн 27-мартта Бишкекте өтөт.

Кыргызстандын курамасы “А” тайпасында Индия, Макао жана Мьянманын курамалары менен ойнойт. Жалпы эсеп боюнча Индиянын курамасы алдыда.

Пикир

Оставить комментарий