• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КРга кымбат жабдуу алып киришип, салык төлөшкөн эмес. Мамлекеттик бюджетке 77 млн. сом зыян келтирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Кыргызстанга баасы кымбат компьютердик программалык камсыздоосу бар жабдуу алынып келип, ага кошумча нарк салыгы төлөнгөн эмес. Андан улам мамлекеттик бюджетке 77 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Баасы 9 миллион сом турган аппарат “К.Т.” ЖЧКсы тарабынан Прибалтика өлкөлөрүнөн желимден заттарды жасоо үчүн (идиш, чака, илеген) алынып келинген. Бирок компаниянын жетекчилиги аны колдонгон эмес. Андан сырткары алар жабдууну өлкөдөн мыйзамсыз түрдө чыгарып кетүүнү көздөшкөн.

Мындай аракеттерди алар 259-беренеге таянып жасашкан. Үчүнчү өлкөдөн алынып келинген жабдуу кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат. Бирок техника ишкананын балансына коюлуп, Кыргызстанда товарларды даярдоочу негизги каражат катары колдонулушу керектигин эске алышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий