• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кримчөйрөдө "Чыңгыз дөө" каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагулов кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Бишкекте изделип жаткан кримчөйрөдө "Чыңгыз дөө" каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагулов кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Эске сала кетсек, мурда ИИМ маалымдагандай, ал уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) эки мүчөсүн өлгүчө токмоктогонго шектелип жатат.

Мурда массалык малымдоо каражаттарында айтылгандай, 9-апрель күнү Бишкектеги жеке менчик "Камек" клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Экинчиси алган жаракаттарынан улам кийинки күнү көз жумган. Айрым маалыматтарга ылайык, алардын бирөө У.Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон.

Шектүүлөрдүн экөө кармалган, ал эми "Чыңгыз дөөгө" болсо издөө жарыяланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий