• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кримчөйрөдөгү “тирешүү”: Эки кишинин өлүмүнө шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, бирөө издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) эки мүчөсүн өлгүчө токмоктоого шектелген УКТнын активдүү эки мүчөсү кармалды. Мурда Бишкек милициясынын криминалдык кызматынын кызматкерлери сабоого шектүү делген УКТнын төрт мүчөсүн издөө боюнча маалымат тараткан болчу.

Анда мурда соттолгон Чүй облусунун 37 жаштагы Ч.Ж., аттуу тургуну, Чүй облусунан чыккан 37 жаштагы И.А., Талас облусунан чыккан 30 жаштагы Т.Э., жана Чүй облусунун чыккан 34 жаштагы А.К., аттууларга издөө жарыялангандыгы айтылган. Алардын баардыгы К.Кольбаевдин УКТнын активдүү мүчөлөрү болуп саналат.

Мурда массалык малымдоо каражаттарында айтылгандай, 9-апрель күнү Бишкектеги жеке менчик "Камек" клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Экинчиси алган жаракаттарынан улам кийинки күнү көз жумган. Айрым маалыматтарга ылайык, алардын бирөө У.Токтосуновдун УКТнын активдүү мүчөсү болгон.

КР Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ошол эле күнү Аламүдүн районундагы Кашка-Баш айылынан маркумдардын бирине 1983-жылкы А.У., таандык болгон “Ауди С6” үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Унааны тинтүү учурунда кандын тагы, дүрбү, Макаров тапанчасы жана уюлдук телефондор табылган.

Кылмышка шектүү катары 1984-жылкы Т.А, жана 1981-жылкы И.А., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалгандардын экөө тең Чүй облусунун тургундары.

ИИМдин маалыматы боюнча, экөө тең мурда бир нече жолу соттолушкан, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.

Азыркы учурда Бишкек ШИИБдин жана ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмышка тиешеси бар дагы бир адамды издөө боюнча ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүдө.

Кылмышка шектүү катары издөөгө жарыяланган үчүнчү киши кримчөйрөдө "Чыңгыз дөө" каймана ат менен таанымал, уюшма кылмыш тобунун мүчөсү 1981-жылкы Жумагулов Чыңгыз Адашканович.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий