• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Криминалдык милиция кызматы 30 жаштагы Жумабек уулу Кайратты издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматы тарабынан 30 жаштагы Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумабек уулу Кайрат үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00дөр чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, чачы 4-5 см, көзү күрөң, кыска сакалы бар.

"Дайынсыз жоголгон жарандын кайда жүргөндүгүн билген болсоңор төмөнкү телефон номерлери аркылуу маалымдап коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0555 347994 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгүнүн номери 0312 266261", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий