• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кримтөбөл Камчы Көлбаев дагы бир айга камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунун 17-февралдагы токтому менен Камчы Асанбекке (Камчы Көлбаев) карата баш коргоо чарасынын мөөнөтү 2021-жылдын 22-мартына чейин узартылды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, “мыйзамдагы ууру” аталган уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) лидери КРнын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинде кармалат.

Камчыбек Асанбек 22-октябрда Бишкекте кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жеткирилген.

Мындан мурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топту аныктоо жана ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында “мыйзамдагы ууру” аталган кримтөбөл Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) тууралуу маалыматтар алынганы айтылган.

Көрсөтүлгөн материалдар КР Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүмү боюнча (кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий