• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кримтөбөл Камчы Көлбаев камакта калды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбектин (Көлбаев) баш коргоо чарасы тууралуу арыз боюнча отурум болду.

Шаардык соттон билдиришкендей жактоочу арызын чакыртып алгандыктан ал маселе каралбай турган болду.

Эскерте кетсек Камчы Көлбаев 21-октябрь күнү Бишкектеги фитнес-клубдардын биринде кармалган. Ал Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) боюнча шектелүүдө. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Анын жактоочусу райондук соттун чечимине даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий