• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Криштиану Роналду салык төлөөдөн качкан деп айыпталууда

Спорт 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Испаниянын прокуратурасы “Реал Мадрид” футбол командасынын оюнчусу Криштиану Роналдуну салык төлөөдөн качып, кирешесин жашырган деп айыптоодо. “Би-би-синин” маалыматы боюнча бул жерде 2011-2014-жылга чейинки мезгилдеги 14,5 млн евро (16,4 млн $) жөнүндө сөз болууда.

Прокуратуранын арызында, футболист жарнамаларга тартылуудан тапкан кирешесин жашыруу максатында, 2010-жылы түзүлгөн бизнес-структуранын жардамын колдонуп келген. Айыптоо Испаниянын салык кызматынын далилдерине таянуу менен айтылганы маалымдалат.

“Реал Мадрид” футбол клубу бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле, Роналдунун агенттери да суроону жоопсуз калтырышкан. Буга чейин футболист мындай айыптоолорду четке каккан болчу.

Испания прокуратурасы 2011-жылы Роналду 1,4 миллион евро, 2012-жылы 1,7 млн, 2013-жылы 3,2 млн, 2014-жылы 8,5 млн евро салык төлөгөн эмес деп болжолдоодо.

Буга чейин Европалык, Германиянын “Spiegel”, Испаниянын “El Mundo” жана британиялык “Sunday Times” гезиттери Роналду менен Моуриньюну жана башка европалык клубдардын айрым оюнчуларын салык төлөөдөн качып, миллиондогон долларларды офшордун аймагына чыгарып кеткен деп айыптап жазып чыккан.

Гезиттер Моуринью менен Роналду акчаларын офшордук аймак болуп саналган Британиялык жана Виргинялык аралга чыгарып кеткендигине ишендиришкен.

Буга жооп катары футболисттин агенттери Испаниянын салык кызматынын бланкында жазылган документтерди жарыялашкан. Анда көрсөтүлгөндөй, Роналду салык төлөөдө эч кандай карызы жок экени көрсөтүлгөн.

Криштиану Роналду “Forbes” журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң көп каражат төлөнүүчү спортчулардын сап башында турат. Өткөн жылы ал болжолу менен 93 млн АКШ долларын иштеп тапкан.

Роналду Испаниядагы салык төлөөдөн качкан деп, айып тагылган биринчи футболист эмес. Май айынын аягында Испаниянын Жогорку соту Аргентиналык футболисти Лионель Мессиге карата 2016-жылдын июль айында салык төлөөдөн качкан деген айып менен, 21 айга түрмөгө отургузуу өкүмүн чыгарган.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий