• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кризистен чыгууга жана бизнес секторун колдоого 14 млрд сом жумшалат - Асрандиев

Экономика 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Кризистен чыгуунун 2-этабын жана бизнес секторун колдоо боюнча каржылоонун булактары (ички жана тышкы) аныкталды. Буга 14 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, учурда экономика секторуна жана бизнестин түрлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат.

"Кайсы тармактар чоң зыян көрүп, жабыр тарткан бизнестин түрлөрү анализденип жатат. Кайсы ишмердүүлүктүн түрлөрү биринчи кезекте колдоого муктаж. Ошондой эле кайсы бизнести биз ачсак тез арада жарандарды жумуш менен камсыз кылып, экономикага оң таасир тийгизет. Булардын баары анализ жүргүзгөндөн кийин белгилүү болот. Сөзсүз түрдө бизнестин түрлөрүн гана эмес көлөмдөрүн да карап жатабыз. Биринчиден, чакан ишкерлер, күнүмдүк ишмердүүлүк менен алектенгендер да каралууда", - дейт ал.

Асрандиев белгилегендей, ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 2 миң 200дөй ири ишкана бар.

"Жүргүзүлүп жаткан анализдин жыйынтыгында кимге кандай жардам берилери белгилүү болот. Бизнес тармагына финансылык жардам көрсөтүүдө биз каражаттарды кайсы жактан табарыбызды да карап жатабыз. Ички жана тышкы булактар каралууда. Учурда 14 млрд сомдун тегерегинде ички жана тышкы булактар аныкталды десе болот", - деп кошумчалады Асрандиев.

Пикир

Оставить комментарий