• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРны 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Координациялык топтун жыйыны болду

Саясат 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Координациялык топтун биринчи жыйыны болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйынга төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Президентинин кеӊешчиси Ф.А. Ниязовдун сунушу боюнча, Координациялык топтун мүчөлөрү эксперттик жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеӊеш алдыга койгон максаттар менен милдеттерди эске алуу менен Координациялык топтун иш регламенти менен планын талкуулап бекитишти.

Быйылкы жылдын январынан тартып 5 эксперттик топ ишин баштаганы, алар 2014-жылдан бери эксперттик жамааттан түшкөн стратегиялык өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери боюнча сунуштардын кыйла бөлүгүн азыркы учурга карата талдап чыкаканы белгиленди. Бул экономика, экология, мамлекеттик башкаруу, социалдык чөйрөлөрдө жана “Таза Коом” долбоорун ишке ашыруу жагындагы долбоорлор. Улуттук кеӊештин секретариатынын маалыматы боюнча, өткөн 4 айда эксперттик топтор тарабынан өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча көп иштер аткарылды.

Андан тышкары эксперттик топтор Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын концепциясы боюнча сунуштарды иштеп чыгууну аяктап калышты. Координациялык топ талкуулап жана бекиткенден кийин бул концепция узак мөөнөттүү стратегиянын өлкө жетекчилигине сунуштала турган долбоорунун негизи болуп калышы мүмкүн.

Координациялык топ Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 2017-жылы 19-апрелде түзүлгөн жана ага Кыргыз Республикасын 2040-жыл мезгилине чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтордун ишин координациялоо, ошондой эле иштелип чыккан сунуштарды бирдиктүү стратегиялык документке бириктирүү милдети жүктөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий