• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук кеңешинин жыйналышы 3-апрелге жылдырылды

Коом 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-мартына белгиленген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук кеңешинин V жыйналышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча 3-апрелге жылдырылды.

Жыйналышта “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө” маселе талкууланат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Пикир

Оставить комментарий