• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«КРнын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 139 377,0 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 169 141,0 млн сом суммасында бекитилген. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 29 764,0 млн. сом суммасында белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий