• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“КРнын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 21-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 135 346,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 163 039,0 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 27 692,2 млн. сом суммасында белгиленди.

2020-жылга республикалык бюджеттин параметрлери республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышын, ошондой эле коронавируска каршы багытталган карантиндик чаралардын натыйжасында социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрүн эске алуу менен кайра каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий