• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын Аба күчтөрүнүн тик учагы кырсыкка учурап, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын тоолоруна конуу учурунда КРнын Аба күчтөрүнүн тик учагы кырсыкка кабылды.

“Бүгүн, 2018-жылдын 9-июлунда куткаруу операциясын жүргүзүү учурунда Түштүк-Эңилчек аймагында КРнын Аба күчтөрүнүн Ми-8 МТВ тик учагы кырсыкка учурады”, - деп билдиришти КРнын Башкы штабынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдын айынан тик учак конуу маалында сол капталына кулап калган. Алдын ала маалыматка ылайык, 4 адам жабыркаган.

Учурда жабыркагандарды алып келүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий