• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«КРнын адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» мыйзамга ѳзгѳртүүлѳр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты «Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык иш жѳнүндѳ» мыйзамдын жоболорун КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14-февралдагы чечимине шайкеш келтирүү болуп саналат.

Тактап айтканда, кабыл алынган мыйзам тѳмѳндѳгүлѳрдү караштырат:

— «КР Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» КР мыйзамынан айрым адамдарга квалификациялык сынак тапшыртпастан лицензия берүүнү караган ченемдерди алып салууну (Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгү);

— мыйзамдын башка ченемдерин Конституциялык палатанын чечимине шайкеш келтирүү.

Конституциялык палатанын 2018-жылдын 14-февралындагы чечиминде жогоруда кѳрсѳтүлгѳн «КР адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» КР мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттары КР Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келгендиги таанылган.

Конституциялык палата өзүнүн чечиминде КР Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө мыйзам жана сот алдында баарынын бирдейлиги принциби коюлгандыгын белгилеген.

Ошондуктан мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей конституциялык принциби мыйзамда кандайдыр-бир жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этникалык таандыктыгы, дин тутуусу, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле адамдын жана жарандын анын коомдук жана жеке турмушундагы укуктук мүмкүнчүлүгүнүн бирдейлигинин бузулушуна алып келген башка жагдайларды белгилөөгө жол берилбестиги жөнүндө талап дегенди түшүндүрөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

Пикир

Оставить комментарий