• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КРнын аэропортторунда Санкт-Петербургдагы жардырууга байланыштуу авиациялык коопсуздук күчөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Санкт-Петербургдагы терактыга байланыштуу “Манас” Эл аралык аэропорту” ААКтын бардык аэропортторунда авиациялык коопсуздук жаатында кошумча чаралар кабыл алынды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чаранын алкагында коопсуздук максатында текшерүү процедуралары күчөтүлмөкчү.

Жарандык авиация объектилери үчүн потенциалдуу коркунучтарды баалоодон түзөтүү киргизилет, андан тышкары персоналдар үчүн систематикалык инструктаж жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жарылуу болгон. Жарылуудан 14 адам каза болуп, 50гө жакыны жаракат алган. Россиянын тергөө комитети “террористтик акт” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок башка версияларын дагы текшерүүдө. Каза болгондордун бири теракт кылууга шектелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий