• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын аймагында ак илбирстер жашаган 23 ландшафт аныкталды – Рустамов

Коом 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Ак илбирстер жагымдуу мышыктарды элестеттирет. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк тоолор форуму-2018де Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Ал белгилегендей, илбирстер күчтүн, асылдыктын жана бийликтин белгиси болуп эсептелет.

“Илбирс бийик тоолуу экосистеманын өкүлү болуп саналат. Буга чейин ак илбирсти коргоо боюнча иш мындай бийик деңгээлде 12 өлкөнүн катышуусу менен өткөрүлгөн эмес”, - деди ал.

Рустамов кошумчалагандай, 15 жыл мурун жаныбардын бул түрү жоголуп кетүү коркунучунун алдында турса, бүгүнкү күндө ак илбирсти сактап калуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

“Биз буга чейин Кыргызстандын аймагында канча ак илбирс бар экенинин толук санын билбей келсек, бүгүн аларды орнотулган фотокапкандар аркылуу көрө алабыз. Жадакалса аларды Бишкек шаарына жакын жерлерден көрүүгө болот”, - деп кошумчалады ал.

Абдыкалык Рустамов кабарлагандай, Кыргызстандын аймагында ак илбирс жашоочу 23 ландшафт белгиленип, азыркы тапта ошол аймактарды коргоо мамелеси талкуланууда.

Пикир

Оставить комментарий