• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КРнын аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга атайын коляскалар таратылды

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоого арналган кайрымдуулук иш-чара өттү.

Аябай жардамга муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн акчалай жардам көрсөтүү иш-чарасы Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен Кыргызстандын Кызыл Жарым ай коомунун кеңсесинде өттү.

Колдоо көрсөтүүнүн алкагында бир типтүү комплектациядагы коляскалар менен биргеликте мээ шалы менен жабыркаган жаш жана өспүрүм балдарга кызмат көрсөтүү үчүн 35 адистештирилген коляскалар берилди.

Белгиленгендей, аталган акция буга чейин айтылган эки уюм тарабынан уюштурулган “Тоскоолдуксуз жашоо” кампаниясынын бир бөлүгү болуп саналат. Аталган акция ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарды кийим тигүү жана карыларды компьютерде иштөөнү үйрөтүү боюнча курстарды өзүнө камтыйт.

Бул кампаниянын максаты - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу, жаңы көндүмдөрдү жана жаңы билим алып коомго жуурулушуп кетүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көз карандысыздыгын күчөтүү жана ошондой эле акча табууга жол түзүү.

Сүрөттөр: Кызыл Жарым Ай коомунуку

Пикир

Оставить комментарий