• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, „Жарнак жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты жарнак тармагында тил жөнүндө мыйзамдарды колдонууну жөнгө салуу болуп саналат.

Мыйзамдын 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий